Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Астанада аялдардын ачкачылыгы уланууда


Астанада өкмөт менен жер талашкан аялдар тобу алты күндөн бери ачкачылык жарыялашууда. Алардын бири Сандугаш Серикбаеванын 8 айлык кош бойлуу экени белгилүү болду.

Алар нааразылык акциясын өкмөт түрттүрүп салууну пландап жаткан үйлөрдүн биринде өткөрүшүүдө.

Астана бийлиги шаар четиндеги айрым жер тилкелерин эски тамдардан тазалап, ордуна бала бакча салууну көздөп жаткан.

Акциянын катышуучулары өкмөт сунуштаган компенсациядан да баш тартып, президент Нурсултан Назарбаев менен жолугууну талап кылууда.

Нааразылыкка чыккан аялдар тобу жарым жылдан бери ар кандай акцияларды өткөрүп келишет. Июлдун башында алар алты күн, беш түн Өкмөт үйүнүн алдында кетпей отурушкан.

XS
SM
MD
LG