Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

Украин армиясы Донецкти камоого алды


Украин армиясы Донецк шаарын орусиячыл жикчилдерден бошотуу үчүн соңку даярдыктарды көрүүдө. Ал үчүн аскерлер Донецк шаарын козголоңчулардын колундагы Луганск менен туташтырган жолду бууганын Украин армиясынын өкүлү Андрей Лысенко Рейтер агенттигине билдирди. Украин маалымат булактары Донецктин тургундарына шилтеп, 1 миллион элдүү шаар кайра аткыланып жатканын кабарлады. Уруш аймагында жүргөн аскердик эксперт Дмитрий Тимчуктун айтымында, 11-августта Украинанын эки чек ара бекети Орусия тараптан аткыланып, жарадарларды ташыган тез жардам машинеси ок астында калды. Жикчилдер “Град” системасынан Луганск аэропортун аткылаганы да кабарланды. Жарадарлар жана чыгымдар жөнүндө азырынча маалымат жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG