Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:13

Айрым ата-энелер жаңы кабыл алынган мектеп формасына нааразы


Баткен облусундагы айрым ата-энелер Билим берүү министрлиги тарабынан жаңы кабыл алынган бирдиктүү мектеп формасына каршы чыгышууда. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоо бирлиги билдирди. Аталган уюмдун координатору Асел Маражабай кызынын айтымында, Кызыл-Кыянын айрым тургундары жаңы мектеп формасына нааразы экенин айтып арызданышкан.

Айрым ата-энелер форманын баасы 1500 сом, кымбат экен деп нааразы болуп жатышат. Өзгөчө 3-4 баласы бар ата-энелер. Анын үстүнө райондук билим берүү башкармалыгы бирдиктүү мектеп формасын сөзсүз алгыла деп маалымат таратып жатыптыр, - деди аталган уюмдун өкүлү.

Быйыл жеке ишкердин демилгеси менен бирдиктүү мектеп формасы тандалып, Билим берүү министрлиги жактырган болчу. Министрликтин маалыматына таянсак, мектеп окуучулары аталган форманы эмдиги жылдан баштап кийүүгө милдеттендирилет жана 1,5 – 2 миң сомдон ашпайт. Быйыл аталган форма каалоочуларга гана сунушталат. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG