Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:10

Израилдик делегация Каирге келди


Алар палестиндердин Газада ХАМАС согушчул тобу менен элдешүүнү ортомчулар аркылуу сүйлөшөт. Эки тарап сүйлөшүү ийгиликтүү болуусу үчүн 10-августта 72 саатка ок атышууларды токтоткон.

Өткөн жумада да ушундай сүйлөшүүгө Египет арачылык кылып, үч күндүк элдешүү 8-августта токтогон. Египеттин тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, элдешүү Газанын четиндеги маалелерге гуманитардык жардам жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Израиль премьер-министри Бинямин Нетаняхунун айтымында, Газадан Израилди ракета жана башка куралдардан аткылоо биротоло токтотулмайынча, жөөт өкмөтү Каирдеги сүйлөшүүгө катышпайт.

Газа тилкесиндеги төрт жумалык согуш 1875 палестиналыктын жана 67 израилдиктин башын жеди. Газанын 1.8 млн. элинин теңине жакыны үй-жайын калтырып кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG