Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:37

Букмекердик кеңселерден 10 миллион сомдой салык чогулган


Жыл башынан бери букмекердик кеңселер 9,5 миллиого жакын сом салык төгүштү. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында Кыргызстан боюнча букмекердик кеңсе иштетүүгө 500дөй патент берилген.

Букмекердик кеңселерге тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору сентябрда парламентте караларын Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров "Азаттыкка" билдирген эле.

2012-жылы Жогорку Кеңеш "Букмекер кеңселеринин жана тотализатор бюролорунун ишмердиги" тууралуу мыйзамды кабыл алган. Бирок президент Алмазбек Атамбаев ага каршы пикирин билдирип, вето койгон. Президенттин жүйөсүндө ар кандай спортчулардын, командалардын жеңиши үчүн алдын ала байге сайган жана акчага мелдешкен букмекер кеңселери менен тотализатор бюролору кумар оюн жайлары болуп эсептелет. Мындай жайларга уруксат берүү бир катар социалдык көйгөйлөрдү жаратышы ыктымал. Ошондуктан мындай ишмердикке толугу менен тыюу салынышы зарыл экенин өлкө башчысы белгилеген.(UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG