Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

AI адилеттик издеген оогандардын талабын угууга чакырды


Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) туугандары АКШ жана башка эл аралык коалициялык күчтөрдүн кол салуусунан өлгөн адамдардын сот адилеттигин издеген абалына арналган докладын жарыялады.

Доклад Ооганстандын өкмөтүн НАТО жана АКШ менен келишимге “букараларды мыйзамсыз өлтүрүү” боюнча бардык фактыларды териштирүү талабын кошуп жазууга чакырат. Уюмдун Азия-Тынч океан региону боюнча орун басар директору Дэвид Гриффитстин журналисттерге билдиришинче, оогандар адилеттик издеп эч кимге кайрыла албайт, ал эми Батыштын аскерий юстициясы жайкын жарандарды өлтүрүү боюнча арыздарды тергөөнү камсыздабайт. Кылмыштарды тергебей калтыруу оогандарга “жаман мурас” калтырат дешет адам укугун коргоочулар.

Мунапыс уюмунун билдиришинче, анда коалициялык күчтөрдүн кол салууларынан ондогон оогандардын, боюнда бар аялдар менен балдардын өлгөнү жөнүндө далилдер бар. Алардын кээ бирлерин “согуш кылмышы” деп кароо мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG