Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

Сот Маликинин премьер бойдон калуусуна жол ачты


Ирактын Жогорку Федералдык соту Нури Малики башындагы блокту парламенттеги эң чоң блок деп тапты. Бул Малики үчүнчү мөөнөткө премьер-министр боло алат дегенди билдирет. Федералдык соттун 11-августтагы чечимине ылайык, президент Фуад Масум жаңы өкмөттү түзүүнү Маликиге жүктөөгө тийиш. Малики апрелдеги парламенттик шайлоодон бери премьерликтин милдетин убактынча аткарууда. Суннилер, күрддөр жана айрым шиилер Маликинин премьерликтен кетүүсүн талап кылып жаткан. Алар 2006-жылдан бери Малики жаатчылыкты күчөтүп жиберди деп айыпташууда. Малики 10-августта президент Масумду мени премьерликке сунуш кылбай, конституцияны бузду деп, аны сотко берерин билдирген болчу.

АКШ Мамкатчысы Жон Керри 11-августта Сиднейде сүйлөп: "Ирактагы туруктуулукту жана тынчтыкты камсыздоодо өкмөттү түзүү абдан маанилүү деп ишенебиз. Малики мырза бул сууну үчүнчү жолу чайпалтпайт деп үмүт кылабыз,”- деди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG