Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Искандаров: атышуу болгон аймакта тактала элек жерлер бар


Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу болгон жерде тактала элек аймактар бар. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда кыргыз-тажик чек ара тилкесинин жалпы узундугу 970 чакырым. Буга чейин 519 чакырымы такталган.

9-август күнү саат 17:30 чамасында Тажикстандын Тупакүл аймагында тажик чек арачылары менен кыргызстандык 3 мергенчинин ортосунда атышуу болгон. Тажикстандын чек ара кызматынын маалыматында, аңчылар чек арадан мыйзамсыз өтүшкөн жана окуя болгон тажик аймагында колго түшүрүлгөн.

Алардын жанынан 8 огу менен мергенчи мылтыгы табылган. Кыргызстандык эки жаран учурда Тажикстандын атайын кызматынын Жерге-Тал районундагы убактылуу кармоочу жайында кармалып турат. 3 жаран тең Оштун Чоң-Алай районунун тургундары экени тастыкталды. Окко учкан жарандын сөөгү кыргыз тарапка өткөрүлүп, учурда медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. (UEz)

XS
SM
MD
LG