Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Хайдар ал-Абади Ирак өкмөтүн түзөт


Ирак президенти Фуад Масум жаңы өкмөттү түзүүнү тажрыйбалуу шиит саясатчысы Хайдар ал-Абадиге тапшырды. Маалымдалганга караганда, мындай сунуш шиилердин парламенттеги негизги блогу - Улуттук альянс Абадини премьер-министрликке көрсөткөндөн кийин жасалды.

Суннилер, күрддөр жана кээ бир шиит саясатчылары Маликини өлкөдө жаатташтыкты күчөтүп жиберди деп күнөөлөп, премьерликтен кетүүгө чакырып жаткан. 2006-жылдан бери премьер-министрлик кызматты аркалаган Малики апрелдеги шайлоодон бери өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткарууда. Ушул тушта Ислам мамлекети уюмунун согушчандары Ирактын түндүгүндө жаңы территорияны басып алууда.

Бүгүн эле Багдадда Нури-ал-Маликинин колдоочулары демонстрацияга чыгышты. Алардын бири Адил ал-Самави: "Биз парламент мүчөлөрүн жана өлкө президентин, парламент төрагасын жана Федералдык соттун башчысын Конституциянын жобосун сактоого чакырабыз. Анткени ал-Малики башындагы Мыйзамдуу мамлекет блогу шайлоодо көпчүлүктүн добушун алган парламенттеги эң чоң блок. Премьер-министр үчүн 3,5 млн. адам добуш бергендиктен, алар эмнеге Маликинин үчүнчү мөөнөт премьер болуу укугун танышат?”,- деди.

XS
SM
MD
LG