Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Тажикстан чек арачыларынын колундагы кыргыз жарандарынын абалы дурус


Бул тууралуу тажик тарап менен сүйлөшүүгө катышкан Чоң-Алай районунун акими Абдилазиз Аширалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эки тараптын өкүлдөрү 11-августта чек арадагы нейтралдуу аймакта жолугушту. Анда тажик тарап алардын колундагы эки кыргыз жараны жабыркабаганын билдирген. Ишемби күнү Чоң-Алай району тараптагы кыргыз-тажик чек арасында бир кыргыз жараны окко учуп, экөөсү кармалып кеткен. Кыргыз жарандарынын чек арага эмне максатта барганын, алардын тажик чек арасына өткөн-өтпөгөнүн, ок эмне себептен атылганын комиссия иликтемекчи. (AiT)

XS
SM
MD
LG