Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Чек арадагы атышууну кыргыз, тажик тарап бирге иликтейт


9-августта Тажикстандын аймагындагы кыргыз аңчылары менен тажик чек арачылары ортосундагы атышууну эки өлкөнүн тиешелүү органдары биргеликте иликтемей болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Анын айтымында, тажик тараптын күч кызматкерлери болуп өткөн окуя боюнча оперативдүү иликтөө иштерин бүткөндөн кийин эки тараптуу иликтөө иштери жүргүзүлөт.

Мындай макулдашуу кечээ эки тараптын бейтарап аймактагы жолугушуусунда жетишилген. Жолугушууга эки өлкөнүн райондук деңгээлдеги бийлик өкүлдөрү, чек ара жана күч кызматтарынын башчылары катышкан.

Учурда Тажикстандын Жерге-Тал районунда убактылуу кармоочу жайында кармалып турган эки жаран Кыргызстанга бериле элек. Маалыматка ылайык, алардын ден соолугу жайында. Тажик тарап иликтөөнү тездетип, жарандарды тез арада мекенине өткөрүп берүүгө убада беришкен.

Тажикстандын чек ара кызматынын маалыматында, 9-август күнү саат 17:30 чамасында Тажикстандын Тупакүл аймагында тажик чек арачылары менен кыргызстандык 3 мергенчинин ортосунда атышуу болгон. Аңчылар чек араны мыйзамсыз өтүшкөн деген негизде окуя болгон тажик аймагында колго түшүрүлгөн.

Алардын жанынан 8 огу менен мергенчи мылтыгы табылган. Кыргызстандык эки жаран учурда Тажикстандын атайын кызматынын Жерге-Тал районундагы убактылуу кармоочу жайында кармалып турат. 3 жаран тең Оштун Чоң-Алай районунун тургундары экени тастыкталды. Окко учкан жарандын сөөгү кыргыз тарапка өткөрүлүп, учурда медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.(UEz)

XS
SM
MD
LG