Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Көлдүк ишкерлер карагат менен байыгысы келет


Ысык-Көлдө өткөн "Карагат" фестивалы.
Ысык-Көлдө өткөн "Карагат" фестивалы.

Өткөн аптанын этегинде Ысык-Көлдүн боюнда мөмө-жемиштердин көргөзмө-жармаңкеси өттү.

“Карагат" фестивалы деген ат менен тааныла баштаган бул жармаңкеге мөмө-жемиш сатып алуу үчүн жергиликтүүлөр эле эмес, чет өлкөлүк эс алуучулар да келишти.

Туристтердин арасында жармаңкеге аны көргөнү эле эмес, Ысык-Көлдүн бүлдүркөн, карагат, абрикос сыяктуу мөмө-жемиштерин сатып алып, ушул жерде варенье кайнатып кетүүнү каалагандары да бар.

Бул жармаңкени “Карагат" фестивалы деп атоонун да жөнү бар. Көлдүк дыйкандар карагаттын кара, кызыл, ак түстөгү түрлөрүн өстүрүп, пайдасын да көрүшөт. Рынокко чыгарып, көбүрөөк пайда табууга ынтызар ишкерлер ушундан улам “Карагат фестивалын” алгачкы жолу Тоң районунда өткөрүп көрүшкөн. Анын арты менен быйыл эми карагат өстүрүүнүн жаңы ыкмалары колдонула баштагандыгын байкоого болот.

- Биз эки жылдан бери "Карагат плюс" долбоорунун негизинде үч сорттогу карагатты өстүрүп жатабыз. Кызыл карагат, эрте бышкан карагат, анан кеч бышкан карагат. Көчөттөрү Польшадан алынып келген, алар биздин карагатка караганда таттуу келет, биздики болсо кычкыл. Биз бул долбоордун негизинде карагатты үч жылда мөмөсүн алып, тамырын өстүрүп алууну үйрөндүк, андан тышкары суунун тартыштыгынан улам биз тамчылатма ыкмасы менен сугаруу технологиясын үйрөндүк,- деди ишкер Жамила Үсөналиева.

"Карагат" фестивалынын уюштуруучуларынын бири AVEP коомдук фондунун директору Максат Абдыкапаровдун айтканына караганда, жармаңке жеке эле мөмө-жемиш өстүрүү, сатуу боюнча өнөктөштөрдү табуу эмес, Ысык-Көлдүн тескей жагына туристтерди көбүрөөк тартуу максатын да көздөөдө:

- Фестивалдын эң биринчи максаты - бул өндүрүүчүлөр менен кайра иштетүүчүлөрдүн ортосунда байланыш түзүү. Экинчиден, Ысык-Көл облусунун түштүк жагын туристтик аймак катары таанытуу. Үчүнчүсү - элге майрамдык маанай тартуулоо.

Максат Абдыкапаровдун айтымында, "Кумтөр" ишканасынын колдоосунда ишке ашып жаткан үч жылдык "Карагат" фестивалы долбоору келерки жылы ишин аяктайт. Эки жылдан бери мөмө-жемиш өстүрүп, сатуунун жаңы ыкмалары боюнча 450 дыйкан тажрыйба алмашып, тамчылатып сугаруу, күнөсканаларды ачуу сыяктуу дыйканчылыктын жана ишкердиктин жаңы багыттарын өздөштүрүп калышты.

Миң түрдүү мөмө-жемиштерди чыгарган быйылкы "Карагат" фестивалында 85 тонна мөмө сатылгандыгы маалым болду. Жармаңкеде уюштуруучулардын катарында облустук бийлик жетекчилери да жүрүштү.

"Азаттыктын" архивинен: Бөкөнбаев айылында өткөн "Карагат" фестивалы, 2013-жыл.
Ысык-Көлдө "Карагат" фестивалы өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00

  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG