Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Каирде Газа боюнча сүйлөшүүлөр уланат


Буга тушташ Израил менен ХАМАСтын ок атышууну 72 саатка токтотуу боюнча макулдашуусу бүгүн экинчи күн сакталууда.

Эки тарап кечээ Египеттин ортомчулугу астында тикелей эмес сүйлөшүүлөрүн 10 саатка жакын улантышты. Израилдин ысымын атабаган расмий өкүлү кабарчыларга эки ортодогу ажырым “али абдан чоң экенин” билдирген.

Бул аралыкта Бириккен улуттар уюму Газа секторундагы ыктымал аскерий кылмыштарды жана адам укугун бузууларды иликтөөчү комиссия түздү.

Комиссия БУУнун Адам укуктары кеңешине отчетун 2015-жылдын март айында берет. Газа секторунда төрт жумага уланган соңку согушта 1875 палестиналыктын жана 67 израилдиктин өмүрү кыйылган. ( UE)

XS
SM
MD
LG