Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

АКШ ирактык күрттөргө курал берүүдө


АКШга ыраазычылык билдирген күрттөр Эрбил шаарындагы консулдуктун сыртында демонстрация өткөрүштү. 11-август, 2014-жыл.
АКШга ыраазычылык билдирген күрттөр Эрбил шаарындагы консулдуктун сыртында демонстрация өткөрүштү. 11-август, 2014-жыл.

Америкалык атын атабаган расмий өкүлдөр билдиргендей, ирактык күрттөргө исламчыл согушкерлер менен күрөшүүсүндө жардам иретинде берилип жаткан курал азырынча автомат, мылтык жана ок-дары менен гана чектелди.

Курал-жаракты Эрбил шаарына АКШнын Борбордук чалгын кызматы жеткирген жана жакын аралыкта бул ишти Коргоо министрлиги да жүргүзө баштоосу мүмкүн.

АКШ мындай чараны Ирактын Күрт автоном аймагынын пешмерга коопсуздук күчтөрү сунни согушкерлеринин “Ислам мамлекети" тобунун чабуулун токтотууга аракеттенип жаткан учурда көрүүдө.

Кошмо Штаттардын аскерий учактары согушкерлердин Синжар шаарчасынын айланасындагы көзөмөл бекеттерине кечээ төрт ирет сокку урду.

Президент Обама аба соккуларына өткөн аптада уруксат берип, муну АКШнын аймактагы кызыкчылыктарын жана кызматчыларын, ошондой эле согушкерлердин чабуулунан качкан ирактык тургундарды коргоо чарасы деп түшүндүргөн. (UE)

XS
SM
MD
LG