Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:06

Расмий Тегеран ал –Абадинин премьерликке көргөзүлүшүн кубаттады


Ирандын Жогорку улуттук кеңешинин катчысы Али Шамхани белгилегендей, Ирактын Конституциясынын жоболору премьер-министр парламенттеги эң ири бирикме тарабынан тандалуусуна мүмкүндүк берет.

Ирактын учурдагы премьери, шиит Нури ал-Малики коңшу Иран колдогон саясатчы катары саналчы.

Бирок соңку кездери расмий өкүлдөр Тегеран ал-Малики мамлекетте биримдикти сактай албайт деген бүтүмгө келип жатканын айтышкан.

АКШ президенти Барак Обама Хайдар ал-Абаданин премьер-министрликке көргөзүлүшү “үмүттөндүргөн кадам” деп атады.

Обама ал-Абадани саясий күчтөрдүн баары камтылган өкмөттү мүмкүн болушунча тез куроого, саясий лидерлерди бирге иштөөгө чакырды.

АКШ президенти өз билдирүүсүндө учурдагы премьер- министр Нури ал-Малики тууралуу эч нерсе айткан жок.

Ал-Малики кечээ ирак президенти Масумду өкмөт куроону ал-Абадиге тапшыруу менен Конституцияны бузганы үчүн айыптаган.

Нури ал-Малики үчүнчү мөөнөткө премьер болууга умтулганы менен анын дарегине кызматтан чегинүү чакырыктары да айтылып жаткан.

Мындай чакырыктар сунни, күрд тайпаларынан, атүгүл айрым шииттерден чыккан.

Саясий каршылаштар ал-Маликини аягы исламчыл согушкерлердин баш көтөрүп, бир топ аймактарды басып алуусуна алып келген диний негиздеги араздашууга, кыянатчылыктарга жол бергени үчүн айыпташат.

Ирактагы соңку парламенттик шайлоо апрелде өткөн. Анда бир да партия парламентте өз алдынча өкмөт түзгүдөй орун алган эмес. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG