Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Пакистан өкмөт башчысы оппозиция жүрүшүнүн алдында элге кайрылат


Тахир ул-Кадри жактоочулары менен. Лахор, 10-август, 2014-жыл.
Тахир ул-Кадри жактоочулары менен. Лахор, 10-август, 2014-жыл.

Жергиликтүү медиа кабарлагандай, Навази Шариф бүгүнкү кайрылуусунда өз өкмөтүнүн жетишкендиктерин айтып, элди көчөгө чыкпоого үндөмөкчү.

Бүткүл өлкө боюнча 14-августка мерчемделген демонстрацияларды мурдагы крикет жылдызы жана азыркы оппозиция лидери Имран Хан менен динаятчы Тахир ул-Кадри жетектеген жатат.

Имран Хан да, Кадри да 2013-жылы Шарифти бийликке алып келген шайлоо бурмаланган деп эсептешет.

Өткөн аптада Лахор шаарында динаятчы Кадринин жактоочулары бир нече күн боюу полиция менен кагылышкан.

Эки күндөн кийин демонстрацияларды утурлай коопсуздук чаралары күчөтүлүп, бир нече шаарга кошумча миңдеген полицейлер жайгаштырылды. (UE)

XS
SM
MD
LG