Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Тажикстан:ТАЛКОдогу теракт планы боюнча сот өкүмү чыкты


Алюминий завод -Тажикстандын көзгө басар ишканасы.
Алюминий завод -Тажикстандын көзгө басар ишканасы.

Жогорку Сот бүгүнкү өкүмү менен алюминий заводу –ТАЛКОдо теракт уюштурууну мерчемдеген деп шектелген жети адамды 18ден 22 жылга чейин түрмөгө кести.

Соттун билдирүүсүндө айыпкерлер “бандиттик кылганы, өкмөттү кулатууну көздөшкөнү, экстремисттик топ уюштурушканы, террорчулук, мыйзамсыз курал алып жүргөнү үчүн “ айыптуу деп табылганы бегиленет.

Соттолгондор алар негизсиз айыпталганын билдиришкен.

Кылмышка шектүүлөр камалганын тажик бийликтери апрель айында жарыялашкан болчу.

Соттолгондордун баары этникалык өзбектер, завод жайгашкан Турсунзаде районунун тургундары, кеминде бирөөсү заводдун кызматкери болгон.

Он миңдей адам эмгектенген ТАЛКО – Тажикстандын көзгө басар ишканасы. Алюминий өндүргөн заводдун ишин президент Эмомали Рахмон өзү көзөмөлдөрү айтылып жүрөт. (UE)

XS
SM
MD
LG