Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Токон Мамытов: канадалыктар менен телефон аркылуу сүйлөшө баштадык


"Кумтөр" боюнча биргелешкен ишкана түзүүгө канадалыктар менен телефон, телеконференциялар аркылуу сүйлөшүүлөр башталды. Бул тууралуу “Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытов “Азаттыкка” билдирди.

- Азыр "Кумтөр" боюнча биргелешкен ишкана түзүү иштери алдыга жыла баштады. Каттарга жооп ала баштадык. Алардын да сунуштары келе баштады. Кыскасы, Канада тарап да сүйлөшүүнү тездете баштады, - деди Мамытов.

Буга чейин “Центерранын” жетекчилиги Бишкекке келип көзмө-көз сүйлөшүүнү Алматыда же Стамбулда өткөрүүнү сунушташкан болчу. Алар “Кыргызалтындын” мурунку башчысы Дилгер Жапаровдун камакка алынуусунан кийин Бишкекке келүүдөн чочулап, кыргыз өкмөтүнөн Башкы прокуратуранын кепилдигин талап кылышууда. Кыргыз тарап зарылчылык болсо, чет жакта сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын Токон Мамытов кошумчалады. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG