Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

Мадылбековдун уулу абактан мөөнөтүнөн мурда бошонду


“Ата Мекен“ фракциясынын депутаты Турат Мадылбековдун уулу Элдар Ленин райсотунун чечими менен №47 абактан эки жума мурда чыккан. Бул маалыматты эл өкүлү өзү тастыктады. Ал баласын толук актоо үчүн жогорку инстанцияларга кайрылат.

- Элдар өзү деле бир нече айдан кийин чыкмак. Бирок түрмөдөгү үлгүлүү жүрүш-турушуна байланыштуу райондук сот аны мөөнөтүнөн мурда бошотту. Уулум азыр ден соолугун чыңдоо үчүн Ысык-Көлгө кетти, - деди Мадылбеков.

Эльдар Мадылбеков Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2013-жылдын 25-июнунда документтерди жасаган, алдамчылык кылган деген айып менен 9 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк шаардык сот анын жаза мөөнөтүн 3 эсе кыскарткан. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG