Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Жогорку Рада Орусияга санкция киргизчү мыйзамды даярдоодо


Украин парламенти Орусиянын компанияларына жана жеке адамдарына санкция жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. 12-августта колго салууда аны 243 депутат колдоп, 65 депутат добуш бербеди. Мыйзам долбоорун экинчи жыйынтыктоочу окуу 14-августта болот. Премьер-министр Арсений Яценюктун айтымында, жаңы мыйзам Киевге Украина аркылуу энергия ресурстарын ташууга жана учактардын аба мейкиндигинен өтүүсүнө бөгөт коюуга мүмкүндүк берет. Анын сөзүнө караганда, кара тизмеге Орусиянын жана башка аты аталбаган өлкөлөрдүн 172 расмий адамы жана 65 компаниясы киргизилет. Ар кандай санкцияны Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши бекитүүгө тийиш.

Евробиримдик Украинага газ ташуу токтотулбасын деп эскертти. Биримдик Орусиядан алган газдын теңине жакыны Украина аркылуу өтөт. 12-августта Орусия жетекчилиги ар кандай санкцияга Москва жообун кечиктирбей кайтарарын билдирди.

XS
SM
MD
LG