Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Мариям Мирзаханиге Филдс алтын медалы ыйгарылды


Теги ирандык профессор аялга кадыр-барктуу эл аралык математикалык сыйлык ыйгарылды. Мариям Мизрахани АКШдагы атактуу Стенфорд университетинин профессору. Илимпозго Филдс медалы Сеулдагы эл аралык математикалык конференцияда башка да үч илимпоз менен чогуу тапшырылды. Мирзахани айым 1977-жылы Тегеранда туулган, 2004-жылы Гарвард университетинде докторлугун жактаган. Ал адаттан тыш геометриялык формалар боюнча эксперт. Ээр же спираль формасындагы заттардын көлөмүн эсептөөнүн өзгөчө жолун тапкан. Филдс медалы таза алтындан жасалган. Аны менен кошо 15 миң Канада доллары берилет. Бул сыйлык жашы 40ка толо элек жана математикалык ачылыштарды жасаган үч же төрт илимпозго төрт жылда бир ирет ыйгарылат.

XS
SM
MD
LG