Кыргыз-тажик чек арачыларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин 9-августта Тажикстан аймагындагы атышууда колго түшүрүлгөн кыргызстандык эки жаран мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
30 жаштагы Дөөлөтбай Гаимов менен 28 жаштагы Бекмырза Матырзаев 9-августтан бери Жерге-Тал районунда убактылуу кармоочу жайда кармалып турушкан. Алар бүгүн минген аттары менен мекенине кайтарылды.
Тажикстандын чек ара кызматынын маалыматында, 9-август күнү саат 17:30 чамасында Тажикстандын Тупакүл аймагында тажик чек арачылары менен кыргызстандык 3 мергенчинин ортосунда атышуу болгон. Аңчылар чек араны мыйзамсыз өтүшкөн деген негизде окуя болгон тажик аймагында колго түшүрүлгөн. Атышууда бир кыргыз жараны каза тапкан. (UEz)