14-августта республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17...22, күндүз 30...35,
Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31,
Баткен облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 30...35,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29,
Нарын облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 20...22 градус, күндүз 32...34 градус болот.
15-16-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.