Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:56

Франция Ирак күрттөрүн курал менен камсыздайт


Франция чукул арада радикалдуу "Ислам мамлекети" уюму менен согушуп жаткан Ирак күрттөрүнө курак-жарак жибере баштайт. Мындай чечим Күрт автономиясынын өтүнүчү боюнча жана Багдаддын макулдуна ылайык кабыл алынган. Бул жөнүндө президент Франсуа Олланддын кеңсеси маалымдады.

12-августта Европа Биримдиги Ирак Күрдистанын каруу-жарак менен камсыздоо боюнча орток пикирге келе алган эмес. Бирок, Биримдиктин өкүлү уюмга мүчө мамлекеттер Ирак өкмөтү менен тыгыз кызматташып, күрт аскерлери-пешмаргелерге өз алдынча курал жөнөтө аларын кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG