Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52

Грузиянын мурунку президентине жаңы айыптар коюлду


Грузиянын Башкы прокуратурасы мурунку президент Михаил Саакашвилиге жаңы айыптарды коюп, ал 2009-жылдан 2013-жылга чейин 5 млн. долларды туура эмес сарптаган деп билдирди. Айыптоо боюнча Саакашвили жогорку даражалуу кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо үчүн бөлүнгөн мамлекеттик каражатты үй-бүлөсүнө, жоро-жолдошторунун шапар тебүүсүнө жумшаган. Эгерде аны күнөөлү деп табышса, 11 жылга эркинен ажыратылат. Саакашвилиге кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп буга чейин эле айыптар коюлган. Бирок ал айыптоолорду четке кагып, чет өлкөдөн келбей жүрөт. АКШнын мамлекеттик катчылыгы жана төрт сенатор айыптоолор боюнча тынчсыздануусун билдирген. Грузин бийлиги адилет жана ачык сотту убада кылууда. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG