Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Ашрав Гани Ооганстанда бийлик бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүн күмөнгө салды


Ооган президенттигине талапкер Ашрав Гани атаандашы Абдулла Абдулла менен бийлик бөлүштүрүүнү күмөнгө салып, эки ортодогу келишим такталууга тийиш деди. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бюллетендерди кайра саноонун жыйынтыгы кандай болоруна карабай эки талапкерди бийликти бөлүшүү келишимине түрткөн. Ал келишимге ылайык, экинчи орунду алган талапкер аткаруу бийлигин жетектеп, аскер жана атайын кызматтардын башчыларын президент менен кошо көзөмөлдөөгө тийиш. Ашрав Гани 12-августтагы билдирүүсүндө “кош бийлик мүмкүн эмес” деген. Ооганстандагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Абдулла Абдулла эң көп добуш алса, экинчи айлампада Ашрав Гани жеңип чыкканы кабарланган. Абдулланын тарапкерлери шайлоо бурмаланды деп айыптап, натыйжада добуштарды кайра саноо жүрүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG