Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Нури аль-Маликинин кызматтан кетүүсүнө басым жасалууда


Ал өзү соттун чечими менен гана өкмөт башчылыктан кетерин билдирүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Хайдар аль-Абадинин Ирак өкмөт башчылыгына көрсөтүлүшүн 13-августта кубаттады. Коопсуздук Кеңеш тез арада жана конституциялык мөөнөттө өкмөттү түзүүгө, саясий күчтөрдү болсо тынчтыкты сактап, саясий жол менен маселени чечүүгө үндөдү. Ирактын президенти Фуад Масум өкмөт түзүүнү 11-августта аль-Абадиге тапшырган. Ирактын негизги динаятчыларынын бири, аятолла Али аль-Систани жаңы өкмөт башчынын шайланышын кубаттоого алды. (AiT)

XS
SM
MD
LG