Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Орусиянын гуманитардык жүгү Украинанын чек арасына жакындоодо


Гуманитардык жүк өткөрүлбөшү тууралуу Киевдин эскертүүсүнө карабай 280 автоунаа Украинага жакындап келатат. Украин өкмөт башчысы Арсений Яценюк гуманитардык жардам Эл аралык Кызыл чырым уюмунан гана алынарын билдирип, Орусияны “эки жүздүүлүк” кылууда деп айыптады:

- Украина ар кандай гуманитардык жардамды кабыл алат. Бирок эл аралык укуктун алкагында жана Кызыл чырым уюмунан келсе гана.

Орусия өз кезегинде автоунаалардын багыты Киев менен макулдашылганын, чек арадан өтөөр замат ал Эл аралык Кызыл чырым уюмунун байкоосу менен жүрөрүн билдирүүдө. Украина жана Батыш өлкөлөрү гуманитардык жүк жеткирүү шылтоосу менен Орусия Чыгыш Украинага аскер киргизет деп чочулоодо. (AiT)

XS
SM
MD
LG