Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Жумгал райсотундагы башаламандык сотко өттү


2014-жылдын 20-февралында Жумгал райондук сотунун имаратында болгон башаламандык боюнча козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Нарын облустук прокуратурасынан кабарлашты.

Күч кызматкерлеринин колунан ажал тапты делген 27 жаштагы Айбек Мамбеталиевдин сотунда жабырлануучу тарап айыпталуучулар: Жумгал РИИБнин кызматкерлери Жоомарт Сыдыков, Рустам Токтогулов жана Чыңгыз Баялиевге өрт коюп, аларды ур-токмокко алышкан.

Сот залынан дайынсыз жоголгон Рустам Токтогуловдун кийинчерээк сөөгү табылган.

Аталган башаламандык боюнча тергөө ишинин жыйынтыгы менен Жумгал районунун 15 тургунуна адам өлтүрүү, адам өлтүрүүгө катышуу, бирөөнүн ден соолугуна атайылап залал келтирүү, массалык башаламандык уюштуруу, адам уурдоо, бейбаштык беренелери боюнча айып тагылды. Айыпталуучулардын көбү маркум Айбек Мамбеталиевдин жакын туугандары.

Учурда кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү. (UEz)

XS
SM
MD
LG