Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Пакистан оппозициясы Исламабадды көздөй жүрүш баштады


Имран Хандын жактоочулары бүгүнкү жүрүш башталар алдында. Лахор, 14-август, 2014-жыл.
Имран Хандын жактоочулары бүгүнкү жүрүш башталар алдында. Лахор, 14-август, 2014-жыл.

Оппозициянын бүгүн башталган жүрүшү өкмөтү кулатуу максатын көздөйт.

Кечээ Лахордун Жогорку соту Пакистандын көз карандысыздык күнү - 14-августа борбор Исламабадда демонстрация өткөрүүгө тыюу салган.

Бирок мурдагы крикет жылдызы жана азыркы оппозиция лидери Имран Хан менен таанымал динаятчы Тахрир-ул-Кадри өз-өзүнчө миңдеген жактоочуларын Исламабадга алып келүү планынан баш тартышкан жок.

Өкмөт демостранция тынч өтөт деген ишендирүүлөрдөн кийин Имран Хандын жактоочуларынын жүрүшүнө уруксат берди, бирок Кадриникине тоскоолдук кылды.

Жүрүшкө чыккандар Лахордон Исламабадга жеткенге дейре 350 чакырым жол басып өтүшөт.

Хан да, Кадри да былтыр учурдагы премьер-министр Навази Шарифти бийликке алып келген шайлоо бурмаланган деп эсептешет. Алар Шариф кызматтан чегинип, жаңы шайлоо өтүшүн талап кылышууда.

Премьер –министр эки күн мурдагы кайрылуусунда элди көчөгө чыкпоого үндөп, шайлоо бурмаланган деген айыптоолор иликтенерин убада кылган.

Динаятчы Тахрир-ул-Кадринин жактоочулары өткөн аптада, Лахор шарында полиция менен бир нече күн боюу кагылышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG