Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Тулада кулчулукка кабылгандар Кыргызстанга келет


Орусиянын Тула облусунда 3 ай бою эмгек кулчулугунда жүргөн 11 кыргызстандык жаран бүгүн мекенине жөнөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, элчилик тарабынан кулчулуктан куткарылган 12 жарандын бирөөсүн Москвадагы туугандары алып кетишкен. Алар менен кошо бүгүн Бишкекке Воронежде иштеп жүрүп документтеринен айрылган дагы эки жаран келет.

- Кыргызстандык жарандар бүгүн кечинде учак менен Бишкекке жөнөтүлөт. Алар Бишкектен кайра Ошко учушат. Баары түштүк аймактын тургундары. Алардын учак билеттерин эл аралык миграция уюму сатып берди. 13 жаран учурда элчиликтин имаратында турушат, - деди Кулукеева.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 12 жаранды Тула облусунан Москвага кечээ алып келишкен. Маалыматка ылайык аларды азербайжан улутундагы жаран 3 ай бою уруп-согуп, айлык бербей талаада иштеткен. Дагы 6 жаран түзүлгөн шарттар канааттандырат деп Тулада калышкан. (UEz)

XS
SM
MD
LG