Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:03

“Азаттык” кароосуз карыга бийликтин көңүлүн бурдурду


Жалал-Абад облустук бийлиги кароосуз калган сексендеги Турсунай Юсупованын каалоосун ишке ашырат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Жумагүл Эгембердиева билдирди. Анын айтымында, Юсупованын аянычтуу тагдыры тууралуу облустук бийлик “Азаттык” радиосу аркылуу билип, дароо көмөк көрсөтүүгө киришти.

Турсунай Юсупова карылар үйүнө жеткирчү киши чыкпай атканын бир күн мурда кабар алганы барган “Азаттыктын” кабарчысына билдирген болчу. Көзү азиз Юсупова Жалал-Абад шаарынын Нагорный көчөсүндөгү эски үйдө кароосуз калган. Уул-кызы жыйырма жылдан бери энесинен кабар алыша элек. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG