Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

Аба ырайы


15-августта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 24...29,

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 20...25,

Баткен облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 23...28,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16...21, күндүз 25...30,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 12...17, күндүз 20...25,

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25.

Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18...20 градус, күндүз 27...29 градус болот. 16-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

17-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, калган аймактарда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолордо кар түшөт. Күндүз Ысык-Көл облусунда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG