Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Ооганстанда жол боюна коюлган бомбадан үч полиция кызматкери каза тапты


Жардыруу өлкөнүн чыгышындагы Лагман провинциясында 14-августта болгон. Азырынча ага эч ким жоопкерчиликти ала элек. Ооганстандагы президенттик шайлоодон кийин пайда болгон чыңалуу жана коалициялык күчтөрдүн чыгарылышы алдында чабуулдардын токтобошу өлкөнүн коопсуздугуна тынчсызданууну күчөтүүдө. Бул арада Ооганстандын Кандагар жана Баглан провинцияларынын коопсуздук кызматынын башчылары колго түшкөн жоочуларды прокуратурага тапшырбай, атып салуу буйругун бергени кабарланды. Алар прокуратурага берилген жоочулар ар кандай жолдор менен боштондукка чыгып, кайрадан эле мурунку ишин жасап жатканын айтышууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG