Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Чыгыш Украинада жикчилдердин жетекчилери алмашууда


“Интерфакс” маалымат агенттигинин кабарлоосуна караганда, өзүн эгемендүү деп жарыялаган “Донецк элдик республикасынын” коргоо министри Игорь Стрелков кызматынан арызы менен бошотулду. Анын ордуна Владимир Кононов дайындалды. Ага чейин “Луганск элдик республикасынын” башчысы аталган Валерий Болотов кызматтан кеткенин жарыялаган. Бирок бул кадам жарадар болгонуна байланыштуу убактылуу экенин Болотов белгилеген. 7-августта “Донецк республикасынын” өкмөт башчысы деп аталган Александр Бородай кызматынан кеткен эле. Бул арада Донецк жана Луганскиде кагылышуулар уланып жатканы кабарланды. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG