Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:01

Ирактын өкмөт башчысы кызматтан кетүүгө макулдук берди


Кошмо Штаттар Нури ал-Маликинин бул чечимин Иракты бириктирүүдөгү “маанилүү кадам” деп атады. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс Нури ал-Маликинин Хайдар ал-Абадини өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшүн кубатташын Вашингтон жогору баалайт деди. 15-августтагы кайрылуусунда Нури ал-Малики ал-Абадини колдоого чакырды. Ирактын президенти Фуад Масум өкмөт куроону ал-Абадиге 11-августта тапшырган. Бул Нури ал-Маликинин каршылыгын жараткан эле. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG