Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Өкмөт Тажикстандан дагы 500 млн. кВт/саат электр энергиясын сурайт


Кыргызстан кыштан чыгуу үчүн Тажикстандан дагы 500 кВт/саат электр энергиясын сатып алууну мерчемдеп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин электр энергиясын бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Марат Чолпонкулов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында учурда кыргыз өкмөтү Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында тажик тараптан 500 млн. кВт/саат энергия сатып алууда. Бирок кыштан чыгуу үчүн дагы 500 млн. кВт/саат электр кубаты керектелет.

Кыргыз бийлиги быйылкы кыштан чыгуу үчүн Казакстандан да 500 млн. кВт-саат электр кубатын алуу боюнча макулдашкан. Бул үчүн кыргыз тарап Казакстанга Үч-Коргон ГЭСинен суу берип жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG