Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

“Мекен шейиттери” Осунбек Жамансариевди катарынан чыгарганын айтууда


“Мекен шейиттери” 2010-жылы 7-апрелде жабыркагандардын жактоочусу Осунбек Жамансариевди аталган уюмдун катарынан чыгарды. Бул тууралуу “Мекен шейиттери” уюмунун тең төрайымы Нурия Айдабосунова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Жамансариев 7-апрель окуясы боюнча жабырлануучулардын таламын талашкандын ордуна соттолгондордун сөзүн сүйлөп, маалымат каражаттарына туура эмес маалымат таратууда.

Осунбек Жамансариев болсо аталган уюмдун катарынан мүчөлөрдү чыгарууга эч кимдин укугу жок экенин айтты:

- 88 мүчөнүн 52си Айдабосунованы тең төрайымдыктан кетсин деп чечим кабыл алган. Ал жеке кызыкчылыгын көздөп, коомго жалган маалымат таратып жатат. Мен 4 жыл бою аталган уюмга жактоочу болуп келдим, азыр да уюмдун 5 кишиден турган кеңешинин мүчөсүмүн, деди Жамансариев.

“Мекен шейиттери” коомдук бирикмеси 2010-жылдагы 7-апрель калабасынан кийин түзүлүп, ага окко учкан жарандардын 88 жакын адамы мүчө болгон. (UEz)

XS
SM
MD
LG