Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

БУУ: эбола вирусуна каршы масштабдуу чара көрүү керек


Эбола эпидемиясынын коркунучу туура бааланган эмес жана коркунучтуу ооруну жайылтпоо үчүн албан аракеттерди жасаш керек. Бул жөнүндө БУУнун Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди. Уюмдун маалымдашынча, февралда эбола вирусу козголгондон бери 1050дөн көп адам апаат кетти. Вирус жукту деп шектелгендердин саны 2 миңдей болот. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкерлери Батыш Африкада эболанын бир нече очогун көргөн жана Сьерра Леонеде, Либерияда, Нигерияда жана Гвинеяда көп адам өлгөн. Эбола 40 жыл мурда обол катталгандан бери мынча көп адамдын өмүрүнө балта чапкан эмес. 14-августта Америка Кошмо Штаттары Сьерра-Леонеден өз дипломаттарынын үй-бүлөлөрүн чыгарып кетүүнү буйруду.

Эл аралык олимпиада комитети эбола вирусу катталган өлкөлөрдүн атлеттеринин ушул дем алышта Кытайда ачылчу Жаштар олимпиадасына катышуусуна тыюу салды.

XS
SM
MD
LG