Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Кыргызстанда эбола вирусунун коркунучу жок


Кыргызстандыктар үчүн эбола вирусу азырынча коркунуч туудурбайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо департаментинин карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун башчысы Нурболот Үсөнбаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында аталган вирус эл ичинде айтылып жаткандай банан сыяктуу жемиштерден жукпайт.

- Бул эпидемия жашылча-жемиштер аркылуу тарабайт. Вирус ошол дартка чалдыккан адам же жаныбардан гана жугушу мүмкүн. Учурда “Манас” аба майданынан жана чек аралардан вирус таралган өлкөдөн келгендер тыкыр текшерүүгө алынып жатат, - деди ал.

Мындан мурдараак Тышкы иштер министрлиги коркунучтуу вирус катталган Батыш Африканын Cьерра-Леоне, Гвинея, Нигерия жана Либерия сыяктуу өлкөлөргө убактылуу барбай турууга чакырган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында кулач жайып бараткан эбола вирусун жуктуруп алган 1013 адам каза болду. Учурда бул илдетти жуктургандар 1848ден ашты. Алардын көбү Либерияда. Азырынча ооруга каршы дары табыла элек, вирусту жуктургандардын 90 пайызы өмүр менен кош айтышууда. (UEz/AiA)

XS
SM
MD
LG