Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

БУУ жана АКШ Маликинин чечимин оң баалашты


Ирактын премьер-министри Нури Маликинин кызматтан кетүүсүн АКШ Ирактын биримдиги үчүн жасалган маанилүү кадам деп мүнөздөдү. 11-августта президент Фуад Масум жаңы өкмөттү түзүүнү Хайдар Абадиге тапшыргандан кийин Нури Малики премьер-министрликтен соттун чечими жок кетпесин кайра-кайра айтып жаткан. Малики Иракта бийликти тынч өткөрүүгө тарыхый жол ачты деди. Президент Барак Обама 14-августтагы сөзүндө Ирак элин "Ислам мамлекети" уюмуна каршы биригүүгө чакырды: "Эң маанилүүсү, биз ирактыктарды – ISILдин ("Ирак жана Левант Ислам мамлекети") мизин майтаруу үчүн биригүүгө, баарынан мурда премьер-министрликке көрсөтүлгөн (Хайдар Абадинин) жетекчилиги астындагы өзгөчө жаңы өкмөттү түзүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга чакырабыз.

Маликинин чечимин БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун да жактырып, эми Иракта кеңири коалициялык өкмөт түзүлөт деген ишенимин айтты. Ал 15-августта эртең мененки телекайрылуусунда “Абади премьер-министр болуусу үчүн өз талапкерлигимди алып салдым” деп, өзүнүн "Дава" партиясынын жетекчилигинде кала берерин кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG