Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

АКШ учактары Түндүк Иракта согушчандарга сокку урууну улантууда


АКШнын истребителдери жана пилотсуз учактары Түндүк Ирактагы Ислам мамлекетинин согушчандарына кайра сокку урду. АКШ командачылыгынын билдиришинче, соңку авиасокку козголоңчулардын бир нече автоунаасын кыйраткан. Президент Обаманын айтымында, авиасоккулардын башкы максаты: Эрбил шаарындагы америкалык персоналды коргоо жана Синжар тоосундагы качкын-бозгундарды камоодон куткаруу. Сунни ислам согушчандары Ирактын түндүгүндө көп аймакты басып алып, тарса жана езид диний азчылыктарын жапырт качканга мажбур кылган.

Ирактын батышындагы Анбар провинциясынын губернатору Ахмад Калаф Дулайминин Рейтер агенттигине айтымында, Ислам мамлекетинин согушчандарына каршы согушта Ирактын коопсуздук күчтөрүнө көмөктөшүү боюнча АКШнын күчтөрүнө жасаган кайрылуусуна оң жооп алган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG