Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Имран Ханга кол салынганы тууралуу карама-каршы маалыматтар келди


Миңдеген антиөкмөтчүл нааразылар Исламабадга жүрүш менен баратат. Бир топту баштап бараткан мурдагы атактуу крикетчи Имран Ханга кол салынды. Хандын автомобили аткыланып, саясатчы өзү аман-эсен экенин анын өкүлү Рейтер агенттигине билдирди. Бирок полиция Франс Пресс агенттигине эч кандай ок атуу болбогонун айткан. Имран Хан бүгүн эртең менен эл алдында: "Бул падышалар келип, адамдарды өздөрүнө кул кылышууда. Алардын заманы бүттү. Кудай кааласа, жаңы Пакистандын жашоосу башталууда,”- деп жар салган эле.

14-августта Лахордон чыккан нааразылардын экинчи тобун популярдуу дааватчы Тахир ул-Кадри баштап барат. Демонстранттар өкмөттү коррупцияга аралашты, Наваз Шарифти премьер-министрликке алып келген 2013-жылкы шайлоодо добуштар бурмаланган деп күнөөлөшүүдө. Имран Хандын айтымында, Шариф премьерликтен кетип, жаңы шайлоо чакырылмайын, алар нааразылык акциясын токтотушпайт.

Исламабадда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, шаарга миңдеген кошумча аскер киргизилди. Митингге алгач тыюу салынып, бирок бийлик акыр-аягында уруксат берди, мотицикл, автомобилдер менен келаткан нааразылар өтүүсү үчүн Исламабадга кирчү айрым жолдор ачылды.

XS
SM
MD
LG