Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:57

Өкмөт башчы элге кайрылды


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыргыз элине кайрылуу жасап, кыштан аман-эсен чыгуу үчүн эмитен даярдык көрүүнү суранды.

Оторбаевдин калкка кайрылуусунда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 3,5 млрд. кубга аз болгондуктан, электр кубатын колдонууга айрым чектөөлөр киргизилери айтылат.

Электр энергиясын металл эритүүгө, жылуулукка 3 фаза менен колдонгондорго жана жарыкты имараттарды кайтаруу үчүн колдонгондорго тыюу салынат. Ошондой эле электр кубатын жылуулук үчүн колдонгон көңүл ачуучу жайларга тыюу салынат жана алар жылытуунун башка жолдоруна өтүшү керек деп айтылат кайрылууда.

Өкмөт башчы Оторбаев кайрылуусунун соңунда кыргыз эли кыштан аман-эсен чыгышы үчүн отунду кенен камдашы керектиги айтылат. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG