Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Пакистан: өкмөткө каршы марш Исламабадга жакындоодо


Исламабадга Наваз Шарифтин премьерликтен кетүүсүн талап кылганы бараткан миңдеген нааразылар менен Гужранвала шаарында кагылышуу болду. Бир топту баштап бараткан мурдакы крикетчи Имран Хандын "Техрик-и-Инсааф" партиясынын жетекчилиги аларды көздөй ок атылганын билдирди. Мухаммед Халил деген күбө:

- Имран Хандын тобу тынч өтүп бараткан. Анан башкаруучу Мусулман Лигасынан айрым активисттери келип, баракчаларды тарата баштады. Андан соң Имран Хандын машинесине кол салышып, ташбараңга алышты. Мен октун үнүн уктум.

Пакистан полициясы эч кандай ок атышуу болбогонун айтууда.

14-августта Лахордон чыккан нааразылардын экинчи тобун популярдуу дааватчы Тахир ул-Кадри баштап барат. Демонстранттар өкмөттү коррупцияга аралашты, Наваз Шарифти премьер-министрликке алып келген 2013-жылкы шайлоодо добуштар бурмаланган деп күнөөлөшүүдө. Имран Хандын айтымында, Шариф премьерликтен кетип, жаңы шайлоо чакырылмайын, алар нааразылык акциясын токтотушпайт.

Исламабадда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, шаарга миңдеген кошумча аскер киргизилди.

XS
SM
MD
LG