Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Аткезчилик менен алтын-күмүш ташыгандар колго түшүрүлдү


Кыргызстанда аткезчилик менен Түркиядан ташылып келген 35 килограмм алтын жана 22 килограмм күмүш колго түшүрүлдү.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун "Азаттыкка" билдиришинче, аткезчилер зер буюмдарды Кыргызстан аркылуу Казакстанга алып өтмөй болгон.

ИИМдин алдындагы Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери бул ишке тиешеси бар үч адамды кармаган. Анын бири Казакстандын жараны. Алар 4 жылдан бери аткезчилик менен шугулданып, 30 тоннага жакын зер буюмдарын мыйзамсыз ташыганы айтылууда. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG