Ирактагы сунни жамаатынын башчылары жаңы премьер-министр Хайдар ал-Абади алар тараптан коюлган шарттарга көнсө, “Ислам мамлекети” уюшулмасына каршы куралдуу күрөшкө кошуларын билдиришти.
Ирактын батышындагы Анбар провинциясындагы сунни кыймылынын таасирдүү адамы Али Хатем Сулейман эгер бийлик суннилерге сый-урмат көргөзсө ал-Абадини колдорун билдирди.
Суннилер учурда жаңы өкмөт башчынын алдына койчу талаптарын тизмектеп жатышат.
Суннилер буга чейин мурдагы премьер Нури ал-Маликиге каршы чыгып, алардын укугун басмырлаганын айыптап келишкен.
Сунни жамааты 2006-2009-жылдары АКШ аскерлерине колдоо көрсөтүп Ирактагы "ал-Каиданын” мизин кайтарууда чоң салым кошушкан. (UEz)