Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

БУУ Ирактагы жана Сириядагы исламчыларга каршы санкция киргизди


БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирактагы жана Сириядагы исламчыл топтордун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар 6 адамга каршы санкция киргизүү боюнча резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Алардын ичинде “Ислам мамлекети” тобунун маалымат катчысы, аталган топту каржылаган, курал менен камсыз кылгандар бар.Сириядагы “ал-Каида" менен байланышкан “ал-Нусра” топторуна согушкерлерди тарткандар да кошулган. Эл аралык санкциялардын тизмегине киргендерге чет жерге чыгууда чектөөлөр киргизилип, банк эсеби жабылат жана курал сатууга тыюу салынат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG