Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

“Апрелчи” болуунун “артыкчылыгы”


Бишкек. Ак үйдү көздөй бараткан Апрель окуясынын катышуучулары. 7-апрель, 2010-жыл.
Бишкек. Ак үйдү көздөй бараткан Апрель окуясынын катышуучулары. 7-апрель, 2010-жыл.

7-апрелдеги ыңкылапта жараат алган деп жалган же бурмаланган медициналык корутунду чыгарткан фактылар ашкере болууда.

Жабырлануучу катары өкмөттөн 50 миң сом кенемте алып, эми батир алып беребиз деген адамдар аны алдап кеткенин айткан Жолдошбек Сыргаков аттуу жаран жасалма медициналык корутунду чыгаруунун сырын ачыктады. 7-апрель окуясынын жабырлануучусу же катышуучусу деген макам популярдуу болгондуктан, аны жең ичинен сатуу өнөкөтү күч алганы боюнча дооматтар айтылды. Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросунун жетекчилиги жалган корутунду чыгаруу боюнча коюлган дооматты четке какты. Ошол эле кезде “Каркыра” коомдук уюму 7-апрелде жараат алгандардын башын кошкон “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси көмүскө кирешенин артынан кууган уюмга айланып калды деп айыптаса, анын жетекчилиги муну курамды ичкүптүсү бар мурдагы мүчөлөрдүн жалган жалаасы катары кабыл алды.

Агынан жарылган “апрелчи”

Аламүдүндүн Арчалы айылынын 31 жаштагы тургуну Жолдошбек Сыргаковду 7-апрелдеги кандуу окуянын жабырлануучусу катары таануу үчүн үч ирет медициналык экспертиза дайындалып, үч жолу корутунду чыккан. Бирок Сыргаковго чыгарылган мына ошол медициналык корутундунун үчөөндө үч башкача мүнөздөмө берилип калган. 2013-жылы 28-мартта жана 9-июлда кошумча чыгарылган медициналык корутундуларда анын денесине келтирилген зыян аныкталбаганы көрсөтүлгөн. Ошол эле жылы 16-октябрда үчүнчү жолку корутундуда Сыргаков тизесине оор нерсе тийип, жеңил жараат алып жабыркаганы аныкталды деп чыгарылган. Үч корутундуда тең жабырлануучу катары изилденип жаткан адамдын абалы үч башка сүрөттөлүп, анын жараат алган учурундагы сааттар ар башкача көрсөтүлгөн. Жолдошбек Сыргаков мунун бардыгы батир алуу үчүн жасалганын, ага бул иште кимдер көмөктөшкөнүн айтып берди:

Мен ок жеген эмесмин. Бирок 7-апрель күнү Ак үйдүн алдында бутумду чийдирип алгам. Анан “Айкөл Ала-Тоо” уюмундагы Бурул Усупова деген аял, Мээрбек деген жигит болуп менин жанагы үч экспертизамдын корутундусун жасатканбыз. Бурул Усупова бардыгын сүйлөшүп берген. Ал мага үй алып берүүгө жардамдашса, мен ага он сотых жер тилкесин бермекмин.
Жолдошбек Сыргаков

- Мен ок жеген эмесмин. Бирок 7-апрель күнү Ак үйдүн алдында бутумду чийдирип алгам. Анан “Айкөл Ала-Тоо” уюмундагы Бурул Усупова деген аял, Мээрбек деген жигит болуп менин жанагы үч экспертизамдын корутундусун жасатканбыз. Бурул Усупова бардыгын сүйлөшүп берген. Ал мага үй алып берүүгө жардамдашса, мен ага он сотых жер тилкесин бермекмин. Бул үчүн мени экспертизадан өткөртүп, жеңил жараат алды деген корутундуну үчүнчү жолкусунда алып берди. Анан мен калп эле ооруканага жатып, жеңил жараат өтүшүп, оорлошуп кеткен деген корутунду чыгартмакпыз. Ошону менен мага курулуп жаткан үйдөн батир берилет деп убада беришкен. Бирок ары-бери чуркап жүрүп эле эки жыл өттү. Канча акчам кетти. Бирок үй берилбейт экен. Мени булар алдап жүрүшүптүр.

Катары калыңдаган ыңкылапчылар

Сыргаковдун медициналык корутундусунда анын Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын алдында бутунан желим октон жабыркаганы жана андан кийин кечки саат алтылардан өтүп Ак үйдөн чыгып келе жаткан машина аны уруп кеткени боюнча бирине-бири каршы келген көрсөтмөлөр баяндалган. Мына ошол медициналык корутундунун негизинде Сыргаков окуядан үч жыл өтүп кеткенине карабастан өкмөттөн 2013-жылы жабырлануучу катары элүү миң сом кенемте алган. Бирок аталган корутундунун негизинде аны жабырлануучу катары таануу боюнча ички иштер органдарынын токтомун сот канааттандыруусуз калтырган. Бирок Сыргаковдун бутунан жеңил жараат алганын тастыктаган корутундуну Саламаттыкты сактоо министрлиги ага жолдонгон катында тааныган. Буга окшогон чалкештиктен улам 7-апрелде жаракат алган деген жарандардын катары төрт жылдан бери бир топ калыңдап кеткен. Анткени жыл өткөн сайын кимдир бирөөлөрдүн көмөгү менен 7-апрель окуясынын жаңы баатырлары пайда боло баштаган.

Жасалма жол менен 7-апрель окуясынын жабырлануучусу болуу аракетин ачык айтып чыккан Жолдошбек Сыргаков бул жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- “Айкөлдүн” мүчөлөрү азыркы учурда беш жүздөн ашып кетти. Негизи башында жабыр тарткандар эки жүз адамдан кичине эле ашыгыраак болчу. Мына азыр 2014-жылга чейин ушул уюмга мүчө болуп киргендер бар. Жылдан жылга ар ким келсе эле, экспертизадан өткөрүп, жеңил жараат алды деп жабырлануучу катары коомго ала беришкен. Жабырлануучу катары “мен ыңкылапчымын” деп уюмга мүчө болуп кирген киши эле 50 миң сом алат. Анан дагы “Айкөл Ала-Тоого” мүчө болгондор бир топ ачык айтылбаган жеңилдиктерден пайдаланат. Алардын медициналык корутундусу чыккан. Мамлекеттик комиссия менен “Айкөл Ала-Тоо” коомунун башындагылар өздөрүнүн тааныштарын ал жакка киргизип алышкан.

“Айкөл Ала-Тоо”: дооматтар негизсиз

Жолдошбек Сыргаков доомат коюп жаткан “Айкөл-Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин мүчөсү делген Бурул Усупова айымды табууга мүмкүн болгон жок. Ал айрым маалыматтар боюнча 2014-жылга чейин жараат алгандарга социалдык колдоолорду караган мамлекеттик комиссиянын курамына да кирген. Бирок ал жасалма жол менен медициналык корутунду даярдап, батир алганы ачыкка чыгып калган соң, анысын кайра кайтарууга мажбур болгон. Мына ушуга окшогон ызы-чуудан улам 7-апрелдеги жараат алгандардын башын кошкон “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчилиги 4 жылдан бери үч ирет алмашкан.

2010-жылдын 7-апрели. Жарадарларды ташыгандар.
2010-жылдын 7-апрели. Жарадарларды ташыгандар.

Аталган коомдук бирикменин азыркы учурдагы төрагасы Мээрбек Мискенбаев коюлган дооматтарды негизсиз жалаа катары мындайча четке какты:

- Ок жебей туруп эле, эч кандай денесине залака албаган адамдар медициналык корутунду чыгартып алды деген туура эмес. Бурул Усупова деле 7-апрель ыңкылабына катышкан. Жаракат алган. Бирок убагында медициналык жардамга кайрылбай калып, кийин 2013-жылы атайын текшерүүдөн өтүп, медициналык корутундусун алган. Анан ал батир алгандан кийин “менден кийинкилер алсын” деп анысын кайра кайтарып берген. Ошол доомат коюп жаткандар келсинчи мага. Жөн эле айта бербей. Фактыларды далилдешсин. Келишсин, маңдай-тескей сүйлөшөлү. Кимдин фамилиясын айтып жатышса, ошол иш боюнча кандай болгонун башынан баштап түшүндүрүп берейин. Анан эле курулай жалаа жаба берсе болбойт да.

Батир алууга батынган “эрдик” ээлери

“Айкөл-Ала-Тоо” коомдук бирикмесине 7-апрелде Бишкекте жабыр тарткандар гана эмес, ага чейинки Таластагы жана Нарындагы каршылык акцияларынын катышуучулары да кирген. Башында мына ошол каршылык акцияларынын активдүү катышуучулары бардыгы бир “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесине бириккен. Кийин анда жараат алган жабырлануучулар гана калыш керек деген максатта анын активдүү мүчөлөрүн коомдон чыгарып салышкан. Кийин 7-апрелде Ак үйдүн үстүндөгү көзгө атарды атып түшүргөнүн жана БТРди аянтка айдап келгенин айтып, мезгилдүү басма сөзгө маек куруп жүргөн жарандардын тобу “Каркыра” уюмун түзүп алган.

“Каркыра” коомдук уюмунун төрагасы Эмил Кыштообаев жабырлануучуларга деген батирлердин жарымына жакыны окуяга тиешеси жокторго берилип кеткенине токтолду:

Нарында эч кандай кагылышуу болгон эмес эле да. Бир мисал. Бирөөсү 7-апрель күнү малына чөп салып жатып, сарайдан түшүп кетип ооруканага жатыптыр. Анан ал кийин 7-апрелде жараат алдым деп, медициналык корутунду чыгартып, өкмөттөн 50 миң сом кенемте алыптыр.
Эмил Кыштообаев

- Башканы коюп, мен “Айкөл Ала-Тоонун” башындагылардан баштайын. Ал жакта юрист болуп жүргөн Канат деген жигит 7-апрелде Москвада болчу. Анан бул жакка келе коюп, кийин ал уюмда иштеп жүрүп эле батир алып алды. Анан Нарында Апрель окуясынын катышуучуларына мамлекет тарабынан каражат берилди. Бирок Нарында эч кандай кагылышуу болгон эмес эле да. Бир мисал. Бирөөсү 7-апрель күнү малына чөп салып жатып, сарайдан түшүп кетип ооруканага жатыптыр. Анан ал кийин 7-апрелде жараат алдым деп, медициналык корутунду чыгартып, өкмөттөн 50 миң сом кенемте алыптыр. Ушуга окшогон мисалдар көп. “Таатанды”, “Народныйды” жана дүкөндөрдү тонойбуз деп ал жактан жараат алгандардын көбү эле кийин борбордук аянттан жараат алдык деп чыгышкан. Анан ошолордун көпчүлүгү “Айкөл Ала-Тоого” мүчө болуп, өкмөттөн батир алууга жетишти. Менин алты саным аман. Батир албай калдым дебейм. Бирок жанагылар батир талашып, бирин-бири сотко берип, ызы-чуу болуп 7-апрель ыңкылабынын баркын кетирип жатышат.

Каралообу же ...

Буга байланыштуу жагдайды “Айкөл Ала-Тоонун” төрагасы Мээрбек Мискенбаев коомдук бирикмени атайлап каралоо жана беделин түшүрүүгө жасалган аракет катары баалады. Анткени мындан үч жыл мурун коомдук бирикменин курамын тазалоо демилгеси 7-апрель окуясынын катышуучуларынын айрым топторунун ортосундагы пикир келишпестиктерди жараткан. Мээрбек Мискенбаев буга өчөшкөн тарап жараат алгандардын коомун ушул күнгө чейин каралоодон чарчабай келе жатканын белгиледи:

- Нарында 25, Таласта 74 адам жаракат алган. Анан эми Эмил Кыштообаев өзү ал жакта ошол күндөрү болбогондон кийин айта берет да. Нарында кандай кгаылышуу болгонун билбей туруп, эми андай-мындай деп айткандын өзү туура эмес. Нарында жаракат алгандардын бардыгынын документтери турат. Келсе көргөзөйүн. Анан эми кээ бир адамдар эмнеге мындай сын-пикир айтып ичкүптү болуп жатышканын билем. Анткени биз жаракат албаган балдардын бардыгын уюмдан чыгарганбыз. Анан ошолор биригип алып, бизге тиш кайрап жатышат окшойт. Биз жаракат алдык, ага өкүнбөйбүз. Милдет дагы кылбайбыз. Анан эми эч кандай жаракат албаган жигиттер чыгып алып эле, ыңкылап кылганбыз десе жараша берет турбайбы.

Ошол эле кезде 7-апрель окуясынын активдүү катышуучуларынын ортосунда чоң ажырым бар экенин “Каркыра” коомдук уюмунун төрагасы Эмил Кыштообаев да тастыктады. Бирок “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси жалаң ок жеп, денесине залал келтирилгендердин кызыкчылыгын коргоо вазийпасынан эбак эле баш тарткан дейт ал. 7-апрелде Ак үйдүн үстүндөгү көзгө атарды атып түшүргөн деп айтылып жүргөн Эмил Кыштообаев “Айкөл Ала-Тоо” уюму бийликтин гана камчысын чаап, көмүскө иштер менен менен алек болуп калды деп сынга алды:

- Өкмөт негизи мына ушул “Айкөл Ала-Тоону” гана таанып, ошону менен кызматташып калды. Эки тарап бири-бирин колдоп турат. Ок жеп, жараат алып, бирок бул уюмга кошулбай жүргөн канча жигиттер бар. Алар ушул уюмга кирбегени үчүн эле батир алышкан жок. Болбосо мен Ак үйдүн алдында атышып жатканда, ок алып берип жатып, колуна ок жеген жигит азыркыга чейин үйү жок жүрөт. Ага бербейт. Анткени ал буларга кошулган эмес. Ал эми “Айкөлдүн” балдарыбыз дегендер акимдерди, мэрлерди жакалап алышып, ар кандай иштерин бүтүртүп жүрүшөт. Өкмөт ушуга көңүл буруп, андай өнөкөттү токтотушу керек. Ал жигиттер бардыгы үчүн өзүнчө эле чечүүчү фигура болуп алышкан. Башка эч кимди тоготушпайт дагы. Анткени аларды бийлик колдойт.

Суроолор көп, жооп жок...

7-апрелде жабыр тарткан жарандарды социалдык колдоо боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия 2012-жылы эң акыркы батирлерди тапшырган. Андан кийин 135 батирлүү үй куруп, калган жабырлануучуларга тапшыруу чечими чыккан. Бирок каражаттын бөлүнбөй турганынан улам, аталган үйдүн пайдубалы гана курулган. Анын качан бүтөрү жана кимдерге тапшырыла турганы азырынча белгисиз. Учурда “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинде жабырлануучу катары мүчө болуп турган жарандардын саны 520 адамга жетти. Бирок алардын канчасы чынында 7-апрелде каршылык көрсөтүү акциясында жабыр тартканы же канчасы ошол күнкү талап-тоноодон зыян чеккени белгисиз.

Апрель окуясынан кийин. 8-апрель, 2010-жыл.
Апрель окуясынан кийин. 8-апрель, 2010-жыл.

Мамлекеттик комиссиянын өкүлү Миргүл Абилова жабырлануучулардын санынын кескин көбөйүп кеткени жана медициналык корутундулардын чыгарылышы боюнча дооматтарга аталган орган жооптуу эмес экенин эскертти:

- Соттук-медициналык экспертизадан чыккандан кийин мамлекеттик орган чечим кабыл алат. Анан эксперт ошонун жоопкерчилигин алып, ар бир корутундунун чындыгына жооп берет. Алар мына ошондой чечим чыгарып жатса, демек ошол туура. Анткени алар адис катары баштан-аяк карап чыгып, кийин анын жыйынтыгы үчүн дагы жооптуу. Биз эксперт болбогон соң, ага баа бере албайбыз. Анан эми бизде эксперттик кортунду боюнча суроо болуп калса, аны тиешелүү органдарга текшерүүгө жөнөтөбүз. Мындай маселелер биздин практикада болгон. Бирок олуттуу бир кемчилик кеткен учурлар катталган эмес.

Ошол эле кезде Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросунун директору Кеңешбек Абдраимов жабырлануучулардын жасалма корутундусу боюнча коюлган дооматтарды четке какты. Анткени ал адамды кайсы бир окуя боюнча жабырлануучу деп табуу үчүн алгач аны экспертизадан өткөрүүгө милициядан жолдомо келе турганына токтолду. Кеңешбек Абдраимов мындай жагдайда 7-апрель окуясы боюнча кандайдыр бир жасалма корутунду чыгарылганына карата укук коргоо органдарынан бир дагы жолу көрсөтмө келбегенин мисал келтирди:

- Эми андай мыйзам бузуу фактылары болсо каалаган жаран тиешелүү органдарга арыз менен кайрылууга акысы бар. Эгерде ошондой фактылар тастыктала турган болсо, эксперт болобу же тергөөчү болобу мыйзам боюнча жооп берет. Анан эми бир эле адамга үч түрдүү медициналык корутунду бир учурда чыкпайт. Бир баскыч-баскычы менен текшерилип отуруп, үч жолу корутунду чыгышы мүмкүн. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Анан эми анын мазмуну жана жыйынтык кандай болгону башка маселе. Биз батир бербейбиз. Батирди өкмөт берет. Мамлекеттик орган мына ошол үч түрдүү чыккан корутундунун бирөө туура деп, ошого карата чечим кабыл алат. Бирок аны талапка жооп берет деп, негиздеп бериши кажет.

Эске сала кетүүчү жагдай 2010-жылы 7-апрелдеги элдик толкундоолордун натыйжасында Бишкекте 87 адам окко учкан. Кийин териштирүү учурунда анын жетимиш жетиси гана борбордук аянтта каршылык акциясы учурунда ок жеп, каза тапканы аныкталган. Мына ошол күнү үч жүзгө чукул жаран борбордук аянтта жана Ак үйдүн алдынан жараат алганы кийин жарыяланган болчу. Бирок 7-апрель окуясынан жараат алгандардын саны кандайча беш жүздөн ашып кеткени боюнча суроолор жоопсуз калды.

XS
SM
MD
LG