Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Мелис Асылбашев дүйнө салды


Бүгүн, 67 жаш курагында Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Ак марал” бий ансамблинин баш балетмейстери Мелис Асылбашев дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Мелис Асылбашев 1947-жылдын 7-майында Бишкекте төрөлгөн.

Ал 1967-жылы Ленинграддагы хореографиялык окуу жайды аяктаган. 1972-жылдан бери балетмейстерлик менен алектенип келген. 1982-жылдан өмүрүнүн аягына чейин “Ак марал” бий ансамблинин көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери болуп эмгектенди.

Аталган бий ансамбли “Ак куу”, “Миң кыял”, “Беш ыргай”, “Пахтачылар бийи”, “Ак тамак, көк тамак”, “Майрам шаңы” аттуу кыргыз бийлерин, ошондой эле казак, түркмен, еврей, индия, цыган жана башка бийлерди жогорку чеберчиликте аткарып келишет.

2001-жылы өлкөнүн хореография искусствосуна кошкон салымы үчүн Асылбашев жогорку даражадагы “Даңк” медалы менен сыйланган. (UEz)

XS
SM
MD
LG